Жапаров 3-6-февралда иш сапары менен Кытайда болот

Президент Садыр Жапаров 3-6-февралда иш сапары менен Кытайда болот. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.

Иш сапарынын алкагында Жапаров Пекин шаарында өтө турган кышкы олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышып, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат.

Президенттер саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Мындан тышкары талкуулана турган негизги маселелердин бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жол линиясын куруу тууралуу болору айтылды.

Соода-экономикалык кызматташуунун алкагында кыргыз тарап "Эркечтам" жана "Торугарт" өткөрмө бекеттеринин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу маселелерин көтөрөт.

Мындан тышкары кыргыз делегациясы энергетика, тоо-кен, айыл чарба жана билим берүү тармактарында бир катар долбоорлорду улантууну ниеттенип, инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуулоого даяр.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД