Бүгүн Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралат

Бүгүн, 2-февраль саат 14:00дө Бишкек шаардык сотунда Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу "Туран" партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу "Фейсбук" баракчасына жазды.

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы нааразылык жаратып, митинг өткөн. Ал массалык башаламандыктар менен коштолуп, бир адам каза тапкан жана бийлик алмашкан. Камактагы бир топ саясатчы бошотулуп, кийин кайра камалышкан. Ошол күндөрү борбордук аянтта жүргөн саясатчы, депутаттар сурак беришкен. Ички иштер министрлиги айрым саясатчыларга иш козгогон.

Былтыр октябрда болгон окуяларга байланыштуу камакка алынган саясатчы Жеңиш Молдокматовго 4 берене: "массалык башаламандыктар" беренесинин 3-бөлүгү, "курал-жарак уурдоо же опузалап алуу", "бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо", "бийлик адамына күч колдонуу же коркутуу" менен иш ачылган.

Молдокматов май айынын башында былтыркы 5-6-октябрь жана 9-октябрдагы окуяларга байланыштуу камакка алынган. Ал иштин акыйкат каралышын талап кылып, 26-июлдан 5-августка чейин 10 күндөн ашык ачкачылык кармаган. Кийин ден соолугуна байланыштуу менчик клиникалардын биринде дарыланып, кайра абакка которулган. Учурда СИЗО-1де кармалууда.

Молдокматов өзүн күнөөсүз деп атап, "саясий куугунтук жүрүп жатат" деп эсептейт. Ал камакка алынганга чейин азыркы бийликтин иш-аракетин катуу сынга алып келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД