Ооганстанда аялдар жетекчилик кызматка дайындалды

Ооганстанда "Талибан" кыймылы бийликти басып алгандан бери биринчи жолу Кабулда аялдарды жетекчиликке дайындоо башталды. Бул билдирүүнү маалымат жана маданият министринин орун басары Забихулла Мужахиддин "Твиттердеги" баракчасына жарыялады.

"Талибан" өкмөтүнүн төрагасынын буйругу менен доктор Малалай Рахим "Малалай" адистештирилген төрөт үйүнүн директору жана Жогорку билим берүү министрлигинин сунушу менен доктор Ариан Шахрор кварталындагы гинекологиялык клиниканын директору болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Дайындоолор "Талибан" өкмөтү менен эл аралык уюмдардын көптөгөн жолугушууларынын жыйынтыгы менен ишке ашкан. Кездешүүлөрдүн ар биринде Ооганстандын коомдук жана саясий турмушундагы аялдардын укуктары көтөрүлүп турган.

Буга чейин талибдер өлкөнүн көпчүлүк провинцияларында кыздардын мектептерге кирүүсүн чектеп, телеканалдагы диктор кыздарды хиджаб кийүүгө милдеттендирген.

Декабрь айында радикалдык кыймылдын мүчөлөрү Кабулдун көчөлөрүнөн бети ачык аялдардын сүрөттөрүн алдыра башташкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД