Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунушта

Жогорку Кеңештин бүгүнкү сессиясында депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал жана чек араны тактоодо жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин саат 14:00дө келип маалымат берүүсүн талап кылышты.

Жыйында депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасында кооптуулук жогорку чекке жеткенин айтып, депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, депутаттык комиссия чек арада жаңжалдар эмне себептен келип чыгып жатканын аныктоо жана чек араны чечүү боюнча стратегиялык саясатты иштеп чыгуу максатында түзүлөт.

"Эмне себептен 30 жылдан бери мындай чатактарга туш болуп жатабыз? Буга эмне себеп болууда? Оорунун себебин аныктагандай чыр-чатактардын эмнеден келип чыгып жатканын аныкташыбыз керек. Акыркы жаңжалдар жогорку деңгээлге чыгып кетти. Атайын кызматтардын атайын операциясына айланып кетип, ок атышуу менен аяктап жатат. Жаңжал чыкканда эле барып басып койгон жарабайт", - деди Айжигитов.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжал 27-январда Баткен районуна караштуу Төрт-Көчө тилкесинде орун алып, 14 аскер жаракат алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД