Байсалов: президент жакында "Кумтөр" боюнча сүйүнчү айтат

"Кумтөрдүн тагдырын аныктоо иштери жүрүп жатат жана жакын арада президент өзү алтын кен боюнча сүйүнүчтүү кабар айтат. Бул биз үчүн эң чоң жеңиш жана жетишкендик". Мындай пикирин Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Маралдын" түз эфиринде билдирди.

Ал четин чыгарып эл аралык эксперттер бул жетишкендик туурасында жакшы баа берип, таң калып жатышканын кошумчалады.

Байсалов "Центерра Голд" компаниясы 11,5 миллиард долларга алтын алып чыгарып, бирок Кыргызстанга 25 жылдан бери 82-83 миллион доллардын тегерегиндеги акча каражат бергенин маалымдады. Ал эми былтыр май айында "Кумтөргө" тышкы башкаруу киргизилгенден кийин жарым жылда 300 миллион киреше тапканын, экөөнүн ортосундагы чоң айырманы баса белгиледи.

"Байкасаңыздар, "Центерра Голд" компаниясы бизге дайыма "биз сиздердин жарандарыңарга жумуш берип жатабыз" деп айтып келчү. Аларга иштеп берген, ак эмгектери менен тапкан биздин жарандарыбыздын айлыктарын кайра эле бизге милдет кылчу. Андан кийин өнүгүү обьектерине 20 миллион сом берип коюп, журналисттерге белектерди берип, аларды жалдап өзүбүздүн Кыргызалтынды даңазалап мактатчу. А бирок улуттук байлыгыбыздын таза пайдасы жылына 7 миллион доллардай болгон. Ошондо 25 жылдан бери жалпы 82-83 миллион доллардын тегерегинде болгон сумманы бериптир", - деди Байсалов.

Мындан сырткары Байсалов Центерра менен соттошуп, чырлаша бергенден майнап чыкпай турганын айтып, алар тараптан Кыргызстанда эл аралык инверсторлор үчүн шарттардын жоктугу сыяктуу терс пикирлер биздин өлкөнүн экономикасына чоң зыян алып келерин, эми мындан ары Центерра Кыргызстанга төлөп берерин айтат.

"Центерра Голд" компаниясынын бизге карата ар кандай сындары, ошол эле "Кыргызстанда инвесторлого шарт түзүлбөйт экен, басып алат экен" деген маалыматтар биздин экономикабызга чоң зыянын тийгизет. Алар менен соттошуп, чырлашсак пайда чыкпайт, ошондуктан азыр биз туура жолдобуз. Буга чейин алардын бизге болгон талаптары өтө чоң болчу, ал эми азыр болсо биз Центеррага бир тыйын бербестен, алар бизге беришет", - деди Байсалов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД