Кыргызстанда 3-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Тоо этектеринде жана тоолуу унаа жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Аба температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -4…1, күндүз +3…+8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5;
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -3…-8;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, карга айланат. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +2…+4 жылуу болот.