Жогорку Соттун төрагалыгына Замирбек Базарбековдун талапкерлиги сунушталды

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында Конституциялык соттун жана Жогорку Соттун төрагаларынын кызмат ордуна Президент тарабынан сунушталган талапкерлер каралып, колдоо тапты.

Аталган маселе боюнча президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.

Белгилүү болгондой, Конституциялык соттун төрагасы кызмат ордуна Эмиль Өскөнбаевдин, ал эми Жогорку Соттун төрагалыгына Замирбек Базарбековдун талапкерлиги сунушталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД