Жеңиш Молдокматов үй камагына чыгарылды

Бүгүн, 2-февраль саат 14:00дө Бишкек шаардык сотунда Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу "Туран" партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу билдирди.

Маалым болгондой, Жеңиш Молдокматов журналисттерге комментарий берип, мындан ары принциптеринен кайтпай турганын, буга чейинки ишмердүүлүгүн улантарын айтты.

"Кайрат-күч менен элиме кызмат кылам. Эч качан позициямдан тайган эмесмин. Сөзсүз эл менен кезигебиз", - деди Молдокматов.

2020-жылдын октябрында болгон окуяларга байланыштуу камакка алынган саясатчы Жеңиш Молдокматовго 4 берене: "массалык башаламандыктар" беренесинин 3-бөлүгү, "курал-жарак уурдоо же опузалап алуу", "бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо", "бийлик адамына күч колдонуу же коркутуу" менен иш ачылган.

Молдокматов май айынын башында 2020-жылдын 5-6-октябрь жана 9-октябрындагы окуяларга байланыштуу камакка алынган. Ал иштин акыйкат каралышын талап кылып, 26-июлдан 5-августка чейин 10 күндөн ашык ачкачылык кармаган. Кийин ден соолугуна байланыштуу менчик клиникалардын биринде дарыланып, кайра абакка которулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД