Сүймөнкул Чокморов жөнүндө көркөм тасма тартылат

Даңазалуу сүрөтчү жана киноактёр Сүймөнкул Чокморовдун өмүр жолун баяндаган көркөм тасма тартылат. Бул тууралуу Кыргызстан театр ишмерлер союзунун президенти, Кыргыз эл жазуучусу, драматург Жаныш Кулмамбетов "Маралга" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Сүймөнкүл Чокморов жөнүндө тасма тартууну көптөн бери пландап, сценарийин да жазып койгон. Залкар сүрөтчү, актёрдун баскан жолун баяндаган кинону тартуу иштери жакын арада башталат.

"Сүймөнкул Чокморов бала кезинен эле эрктүү болгон. Алты ай баспай калган учуру бар, аны көпчүлүк жакшы биле бербейт. Ошол учурда Чоң- Таштан Кашка-Сууга барып-келип окуу татаал болуп, буттарына суук тийген. Баспай, төшөктө жатып калган учурда сүрөтчүлүк шыгы ойгонгон", - деди Кулмамбетов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД