Министр: "Сабырбек Жумабеков ээлеп алган оорукананы элге кайтарыш керек"

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев SUPER.KG порталына Бишкектеги Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы кылып кайра түзүү боюнча пикирин билдирди.

Ал Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун кайра түзүүнү "оорукананы элге кайра кайтаруу" деп сүрөттөдү. Себеби Сабырбек Жумабеков жогорку кызматтагы тааныштары аркылуу ал жердеги оорукананы жоюп, жок жерден эле аталган борборду түзүп, өзү кетпес жетекчи болуп алган дейт.

"Мен эл үчүн иштегим келет. Мына "Кумтөр" кени деле элге кайтпадыбы, оорукана дагы элге кайтарылышы керек. Ал жерде Сабырбек Жумабеков жок жерден эле борборду түзүп, өзү жетекчи болуп алган", - дейт министр.

Андан сырткары Жумабеков Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборунда өзүнчө эле "хандык" уюштуруп, "хан" болуп алган дейт.

"Ал жерге өзүнүн адамдарын, тааныштарын топтоп алган, муну элдин баары билет. Жадакалса оорукананын тазалык кызматкерлеринен бери тааныштары экен", - деди Бейшеналиев.

Мындан сырткары борбор министрликтен каржыланганы менен министрликке баш ийбестигин билдирди.

"Ал борборду мэрияга өткөрүп алыптыр, ал эми аларга акчаны министрлик берет. Анын саясатчы, жогорку бийликте иштеген тааныштары көп болгондуктан башка министрлер коркуп тийише алышпай келишкен. Мен коркпойм, мен хирургмун, кызматыман алышса хирургдугумду улантып иштей берем. Мен эл үчүн иштегим келет, оорукананы элге кайтарыш керек.

Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы кылып кайра түзүлгөндө ага Сабырбек Жумабеков эмес, башка жетекчи дайындайбыз", - деди министр.

Сабырбек Жумабеков менен байланышуу аракетибизден натыйжа чыкпай, бир нече жолу уюлдук телефонуна чалганыбызга жооп бербеди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД