Ысык-Көлдө Land Cruiser көпүрөдөн түшүп кетип, бир адам каза болду

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-февралда саат 07:20 чамасында Ысык-Көл районунун Григорьевка айылындагы көпүрөдөн "Toyota Land Cruiser" үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине Ысык-Көл районунун №31 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылып, 27 жаштагы С.С. эркек кишинин жансыз денесин унаадан чыгарышып, маркумду ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД