КТРК Пекиндеги кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышын түз алып көрсөтөт

КТРК, КТРК Спорт, Ала-Тоо 24 каналдары Пекиндеги XXIV кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышын түз алып көрсөтөт.

Олимпиаданын ачылышы Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат. Иш-чарага президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.

Кыргызстандын атынан кышкы оюндарга лыжа тебүү спортунан Максим Гордеев гана катышат. Ал 16-февралда күчүн сынайт.

Эскерте кетсек, кышкы Олимпиада оюндары 4-20-февралда Кытайда өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД