Бишкекте 22 адам тамакка ууланды. Ашканага 15 миң сом айып салынды

Бишкекте 22 адам тамакка ууланды. Бул тууралуу VB.KG`ге Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин бөлүм башчысы Мархамат Мурзашев билдирди.

Анын айтымында 22 адам 25-май жана 26-май күндөрү Бишкек шаарынын Москва көчөсүндөгү ашканалардын биринен тамактанышкандан кийин ууланган. Алардын тогузу Токмок шаарындагы ооруканага, он үчү Чүй аймактын ооруканасына жаткырылган. Алардын ичинен учурда экөөсү гана ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Бул окуяга байланыштуу аталган ашкана убактылуу жабылып, 15 миң сом айып салынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД