Түштүк Кореянын музейинде кыргыз бурчу ачылды (сүрөт)

Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарындагы Эл аралык маданият музейинде кыргыз бурчу ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Музейге кыргыз бурчун уюштуруу Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамиленин 30 жылдыгына карата демилгеленген.

Салтанаттуу ачылышка Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова да катышып, музейдин директору Ким Юн Тэге маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн эстелик грамота тапшырды.

Кыргыз бурчуна экспонанттар элчилик тарабынан топтолуп, ага Felt Art Studio, NAG Group уюмдары, маданият таануучу Турганбай Молдогазиев, Алый Мергеналиева, Мира Айткулова жана башкалар көмөк көрсөткөн.

Кызыккан бардык тараптар музейдеги кыргыз бурчун 135, Bulgwang-ro, Eunpyeong-gu, Seoul дареги аркылуу келип, көрүп кетсе болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД