Чүй ОИИБ: Эки жашар наристени аёсуз сабаган адам кармалды

Сокулук районунда 2 жашар наристени аёосуз сабоого шектелген адам колго түштү. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Айта кетсек, 3-февралда Сокулук райондук ооруканасына аёосуз сабалган 2 жашар наристе түшкөн. Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Бактыгүл Мамытова бала жандандыруу бөлүмүнө мээси чайкалган, буту-колу, бети-башы көгөрүп, сыйрылган, эки колунан жараат алган абалда түшкөнүн маалымдаган.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган.

Чүй ОИИБдин берген маалыматына караганда, сабалган баланын ата-энеси Сокулук районунда С.А. аттуу фермердин малын багып иштеген. Алар фермерге карыз болуп калышкан.

Кылмышка шектүү катары Сокулук районунун 1987-жылы туулган тургуну С.А. кармалды. Учурда тергөө жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД