Марк Цукерберг бир күндө 29 миллиард долларын жоготту

Фейсбук компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукербергдин байлыгы Meta акцияларынын азайышынан улам бир күндө 29 миллиард долларга кыскарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, негизинен акциянын азайышынан Цукербергдин байлыгы 85 миллиард долларга чейин төмөндөгөн. Цукерберг Facebook социалдык тармагына ээлик кылган америкалык Meta холдингинин 12,8 пайызга жакын акциясына ээ.

Сутка ичинде 29 миллиард долларын жоготкондон кийин Цукерберг дүйнөдөгү миллиардерлер тизмесинде индиялык бизнесмендер Мукеш Амбани жана Гаутам Аданиден кийин он экинчи орунга түшүп калды.

Цукербергдин байлыгынын бир күндүк төмөндөшү тарыхтагы эң чоң көрсөткүчтөрдүн бири. Буга чейин Tesla компаниясынын башкы директору Илон Маск 2021-жылдын ноябрь айында бир күндө 50 миллиард долларын жоготкон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД