Ташиев: Кумтөр боюнча керек болсо мурдагы президенттерди да жоопко тартабыз

Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупцияга байланыштуу жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки териштирүү алкагында Кыргызстандын мурдагы президенттери да жоопко тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу 2-июнда Жалал-Абадда иш сапарында жүргөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты:

"Ал жерде көптөгөн мурдагы премьер-министрлер, спикерлер бар. Депутаттар, мамлекеттик чоң кызматта иштегендер бар. Керек болсо, мүмкүн, биз кээ бир мурда иштеп кеткен президенттерди да жоопко тартабыз. Себеби алардын түздөн-түз тиешеси бар".

Кумтөр долбоорун ишке ашыруунун ар кыл этаптарындагы коррупция боюнча кылмыш иши тергелип, мекеме аралык топ шектүүлөрдү аныктоо ишин жүргүзүп жатканын УКМК 31-майда билдирген. Ошондон бери бир катар мурдагы жана азыркы депутаттар, жетекчилер камакка алынууда. Тарапкерлери алардын күнөөсү жоктугун айтып, нааразылык акцияларын уюштуруп жатышат.

Кыргызстан "Кумтөр Голд" компаниясын убактылуу өзү иштетмей болуп жатат. Андагы ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Кумтөр кенинен буга чейинки президенттердин тушунда сыртка ташылып кетти деген алтындын көлөмү тууралуу маалымат берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД