Лига AFL: 19-февралда "Кыш-Жай-2022" турнири башталат

19-февралдан тарта Бишкек шаарында ышкыбоздордун футбол лигасынын (AFL) XII чемпионаты башталат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Биринчилик үчүн 64 команда төрт дивизиондо ат салышат: Премьер Дивизион, Биринчи Дивизион, Экинчи Дивизион, Үчүнчү Дивизион. Чемпионат тегерек системасы боюнча бир этапта өткөрүлүп, ар бир дивизиондо 16дан команда ойнойт.

Биринчи, экинчи жана үчүнчү дивизиондордон алдыңкы үч орунду алган командалар түздөн-түз кийинки дивизионго чыгышат.

Мелдештер "Футболистан" талааларында 28-майга чейин уланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД