Садыр Жапаровдун мурдагы адвокаты Жогорку Соттун судьясы болду

Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровдун мурунку адвокаты Замирбек Базарбаевдин талапкерлигин Жогорку Соттун судьялыгына жактырды. Чечим бүгүн жыйында кабыл алынды.

Замирбек Базарбаев депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып, анын үйү, жер тилкеси жана унаасы бар экендигин белгиледи.

"Сиз Садыр Жапаровдун адвокаты болгонсуз, президенттик аппаратта иштедиңиз. Жогорку Сотто сиз мамлекет башчысынын администрациясына көз чаптырбай чечим кабыл алышыңыз керек", – деп белгиледи Дастан Бекешев.

Замирбек Базарбаевди 94 эл өкүлү колдоп, 6 адам каршы добуш берди.

2020-жылдын декабрь айында Замирбек Базарбаев президенттик администрациянын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

Парламент ошондой эле Нурлан Мусаевдин Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлигин колдоду. Ага 96 депутат добуш берди.

Соттор ант беришип, өз милдеттерин аткарууга киришишти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД