Президент Садыр Жапаров Бээжинге жасаган иш сапарынын алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Анын жыйынтыгында эки мамлекеттин башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
Андан тышкары бир катар документтерге кол коюлду:
- Кыргызстандан Кытайга соя экспорттоо боюнча протокол;
- 2021-2024-жылдарга КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен КЭР Маданият жана туризм министрлигинин ортосундагы маданият тармагындагы кызматташуу программасы;
- КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен КЭР Маалымат каражаттарын жана басма сөздү башкаруу башкармалыгынын ортосунда классикалык адабий чыгармаларды которуу жана басып чыгаруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө протокол;
- КР Улуттук статистика комитети менен КЭР Улуттук статистика бюросунун ортосунда статистика чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум;
- КР Экономика жана коммерция министрлиги менен КЭР Коммерция министрлигинин ортосунда жашыл чөйрөнү өнүктүрүү үчүн инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө меморандум;
- Бишкек шаары менен Цинадо шаарынын ортосунда Бишкектин Дэн Сяопин көчөсүнөн Алыкулов, Кустанай көчөлөрүнө чейинки батыш аймагын жакшыртуу долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү жөнүндө меморандум.