(Видео) Орусиянын спортчусу сүйүнгөнүнөн пьедесталды сындырып алды

Бээжин шаарында өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарында Орусия командасына биринчи алтын медалды алып берген лыжачы Александр Большунов сыйлык тапшыруу аземинде сүйүнгөнүнөн пьедесталды сындырып алды.

Кечээ, 6-февралда скиатлон боюнча 30 чакырым аралыкка жарыш өтүп, Орусиянын спортчусу Александр Большунов биринчи келди. Андан кийин 1 мүнөт 11 секундга кечирээк орусиялык дагы бир лыжачы Денис Спицов, үчүнчү болуп финляндиялык Ийво Нисканен марага жетти.

Бул Большуновдун карьерасындагы биринчи олимпиадалык алтын болду. Буга чейин 2018-жылкы Олимпиадада үч күмүш жана бир коло медаль алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД