Чүйдө жеңил унаадан өрт чыгып, толук күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 1-июнда болгон. Анда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кемин району аркылуу өткөн бөлүгүндө "Ауди-100" үлгүсүндөгү унаадан өрт чыккан. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр чакырылган. Бирок унаа толугу менен күйүп кеткен.
Учурда өрттүн себеби такталууда.