Эртең Улуттук Лиганын аялдар командалары арасында футбол боюнча Улуттук Кубоктун оюндары башталат. Бул тууралуу Кыргызстан Футбол Бирлигинин сайтында маалымдалды.
19-май жолугушат:
"Каракол-Ысык-Көл" - "NITRO-ДЮШС" (оюн Каракол шаарында өтөт);
"СДЮШОР СИ-Алга" - "Жети-Өгүз" (оюн Бишкек шаарында өтөт).
Кубокко жети команда катышат, алар географиялык өзгөчөлүктөрү боюнча эки топко бөлүнөт.
"А" зонасы:
СДЮШОР СИ-Алга (Бишкек);
"NITRO-ДЮШС" (Кант);
Жети-Өгүз (Ысык-Көл облусу);
"Каракол-Ысык-Көл" (Ысык-Көл областы).
"Б" зонасы:
"Жаштар" (Майлуу-Суу);
Нур-Баткен (Баткен);
Шахтер (Кызыл-Кыя).
Улуттук лиганын аялдар командалары арасындагы КРнын Кубогунун учурдагы ээси борбор калаанын "Азалия-СДЮШОР-СИ" командасы.