Мөөнөтү өтүп кеткен деп сот Азиз Суракматовдун ишин кыскартты

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматовго козголгон иш жазага тартуунун мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кыскартылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, соттук отурум 25-январда болгон. Анда айыпталуучу Суракматовдун жактоочусу жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жазык ишин кыскартуу жөнүндө өтүнүч келтирген. Ал өзүнүн өтүнүчүндө жоруктар 2003, 2004, 2005 жана 2006-жылдарда болгондугун жана арадан 15 жылдан ашык мөөнөт өткөндүгүн көрсөткөн.

Айыпталуучу Азиз Суракматов жактоочусунун өтүнүчүн колдоп, күнөөсүн моюнга аларын, айыптоого каршы эместигин, түзүлгөн кызматташтык жөнүндө макулдашуулардын шарттары менен макулдугун жана алар толук аткарылгандыгын айткан.

Ал келишимдин алкагында Суракматов жүз жетимиш миллион сом өлчөмүндө материалдык зыян төлөгөн. Ошондой эле төлөнгөн акча каражаттарын мамлекеттин кирешесине которууну суранып, төлөнгөн каражаттары боюнча дооматтары жок экендигин айткан.

Сот тараптардын ойлорун угуп, Азиз Суракматовго карата жазык ишин жазык куугунтугунун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу өндүрүштөн токтоткон.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарын 2018-2020-жылдары башкарган Азиз Суракматов 2021-жылдын 26-майында "коррупция" жана "мыйзамсыз баюуга" шектелип кармалган. Жыйырма күндөй УКМКнын абагында кармалып, кийин тергөө менен кызматташууга макул болуп, келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 миллион сомдун 150 миллион сомун кайтарып берип абактан чыккан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД