УКМК тарабынан кармалган Өмүрбек Бабанов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу анын тарапташтары билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди бүгүн, 2-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган.
Саясатчы эки ай УКМКнын СИЗОсунда кармалат.
Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов "Кумтөр" иши боюнча 31-майда кармалган.