Милициянын кайгуул кызматы жолдо калган тургундарды жеткирүүдө

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы үйүнө жете албаган тургундарды жеткирүүдө. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн көпчүлүк маршурттук каттамдар линияга чыкпагандыктан Бишкек шаарынын тургундары аялдамаларда көпкө туруп, күндүн ысыгында ыңгайсыз абалга тушугушууда. Мындан улам Милициянын кайгуул кызматы улгайган жана балалуу адамдарды үйлөрүнө жетип алууга көмөк көрсөтүүдө.

Ошондой эле Кайгуул милициясы айдоочуларды да мүмкүнчүлүктөрү болсо адамдарды ала кетүүгө чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД