Маршруттук таксилерде жүрүү тарифтерин көтөрүү сентябрь айына жылдырылды

Маршруттук таксилерде жүрүү тарифтерин көтөрүү маселеси сентябрь айында чечилет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, бүгүн жолугушуу болуп өттү. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов ассоциациялардын жана маршруттук таксилерди ташыган компаниялардын жетекчилери менен жолугушту жана аларды бир суроо тынчсыздандырды – кичи автобустарда жүрүү акысы кайсы мөөнөттө көтөрүлөт?

Чиновник мыйзамда белгиленген жол-жобо бар экендигин белгиледи. Анын айтымында, тарифтерди өзгөртүү боюнча чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат. Бүгүн көтөрүү боюнча токтом долбоору депутаттардын кароосуна коюлат.

"Бактыбек Кудайбергенов 2021-жылдын сентябрь айына чейин Бишкек шаардык кеңеши менен коомдук транспорттогу тарифтерди көтөрүү маселесин иштеп чыгууга убада берди. Компания өкүлдөрү макул болушуп, маршруттук таксилердин айдоочуларынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү убада кылышты", – деп кошумчалашты мэриядан.

Эске сала кетсек, бүгүн эртең менен маршруттук таксилердин болжол менен 70 пайызы линияга чыккан жок. Айдоочулар жол кирени көтөрүүнү талап кылышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД