Карыпбеков: Бишкектин мэрин иштен эле албастан соттош керек

Борбор шаардагы транспорттук коллапска шаар жетекчиси күнөөлүү. Мындай пикирин КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков социалдык баракчасына жазды.

Ал борборду жоопкерчиликсиздиги менен транспорттук коллапска кабылткан мэрди иштен алуу аздык кылат деген пикирин жазган.

"Мындай мэрди иштен албаш керек, транспорттук коллапска кабылткан шалакылыгы үчүн соттош керек", - деп жазган Карыпбеков.

Буга чейин маршруттук каттамдардын иш таштоосуна байланыштуу шаар бийлиги "ала кет" аттуу акцияны баштаганы кабарланган.

Ошондой эле маалымат жыйын өткөргөн вице-мэр Руслан Акылбеков да айдоочуларды жөө адамдарды акысыз жеткирип турууга чакырган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД