Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унаа ала салып айдоочусу көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 2-июнда Бишкек-Ош унаа жолунун 236-чакырымында болгон. Анда RENO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа оодарылып, Чычкан суусуна түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу каза болгон. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.