Депутат: "Акылбек Жапаровдун чөнтөгүн тигип иштеткиле"

Депутат Жеңишбек Токторбаев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кумтөр" боюнча маалымат берилбей жатканы күмөн жаратып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Силер жакшы мамлекетибиздин тарыхында мурдагы президенттердин убагында "Кумтөрдөн" 3 миллиондон 5 миллион долларга чейин пара алынган. Бийлик башына сабырдуу инсандар келип, "Кумтөр" элге өттү. "Кумтөр" боюнча акылдуу Акылбек Жапаровго кайрылдым. Мен "Кумтөр" боюнча маалымат алып элге билдирейин дегем. Бирок жооп болгон жок. Менде күмөн пайда болду. Ал кишиден коркуп калдым. Элден бекиткен маалымат бар экен деп ойлоп калдым. Биз Кыргыз мамлекетинин алтынын бөлтүрүк менен карышкырга кайтартып жатыптырбыз деп ойлоп калдым. Акылбек Жапаров боюнча сөздөр көп. Эл арасында "Акылбек Жапаровдун чөнтөгүн тигип иштеткиле, Акылбек Жапаров төрөлгөндө еврейлер ыйлаган" деп айтылып келет", - дейт Токторбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД