Бишкекте эл ташууга ИИМ менен "Дордойдун" автобустары дагы чыкты

Бишкек шаарында маршруттук каттамдардын айдоочулары ишке чыкпай жатканына байланыштуу Ички иштер министрлигинин жана "Дордой" ассоциациясынын автобустары каттамдар боюнча эл ташууда. Бул тууралуу шаар бийлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, аталган автобустар №100 маршруттук каттам менен элди бекер ташыйт.

"Ички иштер министрлиги, "Дордой" ассоциациясы жана "Манас" эл аралык аэропорту тарабынан берилген автобустар маршруттук каттамдар боюнча каттоого чыкты" - деп кабарлады шаар бийлиги

Кечээ, 2-июнда дагы аталган Маршруттук каттам менен эл ташууга "Манас" эл аралык аэропортунун автобустары тартылган.

Белгилей кетсек, 2-июндан тарта Бишкек шаарындагы маршурттук каттамдардын айдоочулары жол кирени көтөрүү талабы менен иш ташташкан.

Ал эми мэрия болсо жол кирени көтөрүү күз айларында болорун айтууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД