"Кырдаалдан пайдаланбагыла" Мэрия такси кызматтарына кайрылды

"

Бишкек шаарынын мэриясы такси кызматарына жана акы алып жеке эл ташуу менен алектенген айдоочуларга кайрылуу жасады.

Анда аларды абалга түшүнүү менен мамиле кылып, кырдаалдан пайдаланбоого чакырган.

"Урматтуу такси кызматынын ээлери, жетекчилери жана айдоочулары, сиздерди жол кире акысын жогорулатпоого чакырабыз. Азыр шаардыктардын үйүнө жана жумушуна жетүүсү кыйын болуп турат. Буга байланыштуу райондук администрациялардын күчү менен тургундарды бекер ташууну жүргүзүүдөбүз. Ал эми автобус жана троллейбустар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Силерди да түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз. Микроавтобустарга байланыштуу кырдаалдан пайдалануунун кажети жок", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, маршруттук каттамдардын айдоочулары жол кирени көтөрүү талабы менен кечээ, 2-июнда иш ташташкан. Мэрия жакын арада жол кирени көтөрүү маселеси чечилбесин айтып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД