Centerra Gold Inc. президенти Скотт Перри кыргыз элине кайрылуу жасады

enterra Gold Inc. компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри Кыргызстандын элине кайрылуу жасады. Кайрылуунун тексти компаниянын расмий сайтында жарыяланды.

Анда Centerra Gold компаниясы "Кумтөр" кенин иштетүүгө $3,4 миллиард инвестиция кылып, анын 18 жылдык иштей турган мөөнөтүн 34 жылга узартканы айтылат.

Ошондой эле, Скотт Перри кенди иштетүүдө жана башкарууда эл аралык стандарттарга жана дүйнөлүк тажрыйбага таянып, экологияны сактоодо да так ушундай иш алып барганын белгилеген.

""Кумтөр" кени биздин жетекчилигибиз астында КРдагы эң ири жумуш берүүчү жеке менчик ишканага айланды. Өлкөдөгү эң ири салык төлөөчү болуп, өлкөнүн экономикасына жана социалдык программаларды ишке ашырууда чоң көмөкчү болду. "Кумтөрдү" ээлеп алуу азыр калп маалыматтар жана негизсиз айыптоолор менен ишке ашып, буга чейинки биргеликте жасаган бардык аракеттерди жокко чыгарууда. Биз өкмөттүн мындай кадамы миңдеген жумушчу орундар жана жүздөгөн товар жеткирүүчү ишкерлердин тагдырына коркунуч жаратат деп кооптонуп жатабыз", - деп билдирген Скот Перри.

Компания президенти өкмөттүн бул аракети Кыргызстандын экономикасын жана чет өлкөлүк инвестицияларды тобокелге салат деп эсептейт.

"Биз дагы деле КРнын жетекчилиги менен конструктивдүү диалогго ачыкпыз. Бирок кыргыз бийлиги буга чейиин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн бир канча ирет баш тартты. Биздин мамилелерди буга чейин дайыма сүйлөшүү жаан компромисске баруу менен чечип келгенбиз. Бул жолкусунда биз министрлер кабинетинин аракетинен "Кумтөрдү" улутташтыруу аракетин жана андан Centerra Gold компаниясын мажбур тарттырууну көздөп жатканын байкап жатабыз. Ошол эле убакта биз Centerra Gold "Кумтөр" кенинин баалуулугун сактоо жана аны кыргыз бийлигинин мыйзамга негизделбеген аракеттеринен укуктук жактан коргоого бардык чараларды көрөбүз", - деп жазылган кайрылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД