Белгилүү спортчу Канатбек Сыдыгалиев көз жумду

Белгилүү спортчу, кикбокс боюнча эки жолку Евразиянын чемпиону Канатбек Сыдыгалиев 44 жашында көз жумду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Канатбек Сыдыгалиев кикбокс боюнча эки жолу (1999, 2000-жылдары) Евразиянын чемпиону, Дүйнө чемпиондугунда эки жолу (1999, 2001-жылдары) күмүш медалга, 2003-жылы коло медалга ээ болгон. Ошондой эле, ал Дүйнө кубогунун чемпиону (2002-жылы), профессионалдар арасында Европа чемпиону (2003-жылы) болгон.

Мындан сырткары Канатбек Сыдыгалиев кикбокс боюнча көптөгөн турнирлердин жеңүүчүсү болгон.

Канатбек Сыдыгалиев 18-январда 44 жашка чыккан болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД