Чүйдө тургун эки бөлөтөлкөлөшүн бычактап бири көз жумду

Чүйдө тургун эки бөлөтөлкөлөшүн бычактап бири көз жумду. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2-июнь күнү Аламүдүн РИИБине Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине бычактан жаракат алган адам жаткырылганы кабарланган. Милиция кызматкерлери ооруканага барганча аталган адам көз жумган. Анын өздүгү такталып, ал 1979-жылы туулган Д.Н. аттуу адам экени белгилүү болгон.

Ошондой эле милицияга дагы бир адам ооруканага бычактан жаракат алып түшкөнү кабарланып, ал адамдын да аталган окуяга тиешеси бар экени белгилүү болгон.

Бул эки адамды бычактаган деген шек менен 1979-жылы туулган Э.Р. аттуу адам кармалган.

Алдын ала териштирүү учурунда, шектүү жана 2 жабырлануучу бирге ичимдик ичишип отурушуп, ортодо чыкан чыр-чатактан улам уруша кетишкен. Жыйынтыгында эки адам бычактан жаракат алып, бири ооруканада каза болуп, экинчиси мас абалында болгон үчүн бир топ убакыт өткөндөн кийин ооруканага кайрылган.

Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши ачылып, сотко чейинки өндүрүш башталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД