Ассоль Молдокматовага сүйүктүүсү баш кошуу сунушун киргизди

Кыргыз Республикасынын жана Орусиянын Эмгек сиңирген ишмери Ассоль Молдокматовага сүйүктүүсү баш кошуу сунушун киргизди. Азырынча ашыкча комментарий бербей туралы деген коомдук ишмер порталыбызга буларды билдирди.

"14-февралда Тынч океан жээгиндеги Санта-Круста Бекназар Жамангараев мага шакек тагып расмий үйлөнүү сунушун киргизди. Биз баш кошобуз. Жашоону чогуу өткөрөбүз.

Азырынча кыска эле маалымдап, ашыкча комментарий бербей туралы. Биз чогуу болорубузду расмий түрдө айтып коёлу деп чечтик. Калганын үлпөт тойдо айталы", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 14-февралда Ассоль Молдокматованын сүйүктүүсү Бекназар Жамангараев Тынч океандын жээгинде үйлөнүү сунушун жасады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД