14-15-февралда Кыргызстандын аймагында суук болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
14-февралда күндүз жана 15-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт.
Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
15-18-февралда абанын температурасы кескин төмөндөп:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7°,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7°,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин,
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°,
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10°,
тоо этектеринде түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°,
тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -9…-14°,
бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33°, күндүз -11…-16° суук болот.
Мындай аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
14-февралдан 16-февралга чейин боло турган карга байланыштуу тоолуу аймактарда көчкү жүрүү коркунучу бар. Андыктан унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.