"Сапат" Инандынын жүргөн жерин аныктоо үчүн сый акы бере турганын айтты

"Сапат" эл аралык билим берүү мекемеси дайынсыз болуп жаткан жетекчиси Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо үчүн сый акы бере турганын жарыялады. Суммасы берилген маалыматка жараша болуп, анонимдүүлүккө кепилдик бериле турганын айтышты.

Байланыш номуру: 0550 049 050; 0555 155 144.

1-июнга караган түнү Бишкек шаарында Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Учурда издөө иштери жүрүп жатат.

Орхан Инанды – "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин 4 негиздөөчүсүнүн бири. Аталган мекемени 2001-жылдан бери жетектеп келет. Ал Кыргызстандын жарандыгын алган.

Анын "Лексус GX470" унаасы Малдыбаев көчөсүндөгү №10 жана №11 көп кабаттуу үйлөрдүн ортосундагы короодон табылды.

2000-жылы Кыргызстандын билим берүү системасына кошкон салымы үчүн "Билим берүүнүн отличниги" наамы, 2002-жылы Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы, 2003-жылы Мугалимдердин кесиптик майрамына карата "Даңк" медалы менен сыйланган.

"Сапат" мекемеси 2017-жылга чейин "Себат" деп аталып келген. Бүгүнкүгө чейин түркиялык дин аалымы Фетхуллах Гүлендин эл аралык билим берүү мектептеринин катарына кирет.

Кыргызстанда "Сапат" билим берүү мекемесинин курамында 15 лицей, университет жана башка мекемелер бар.

Түркиянын учурдагы бийлигинин божомолунда, Гүлен жана анын тарапташтары 2016-жылы 15-июлда аскердик төңкөрүш уюштурууга аракеттенишкен. Бирок Гүлендин тарапташтары бул билдирүүнү төгүндөп келишет.

Айрым өлкөлөрдө Гүлендин мектептери жабылган. Буга чейин Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Түркия бийлигинин "Себат" лицейлерин жабуу жөнүндө өтүнүчүн ачык түрдө четке каккан.

2019-жылы 12-майда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Фырат Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы уюштурган ооз ачууда чыр чыгарган. Себеби ооз ачууга Орхан Инанды дагы чакырылган. Женгиз Фырат аны менен стол үстүндө бирге отуруудан баш тарткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД