Акылбек Жапаровдун ордуна келген депутат ант берди

Жогорку Кеӊеш жыйынында "Бир Бол" саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Арысланбек Акбаров ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал башка кызматка дайындалганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Акылбек Жапаровдун ордуна келди.

Жогорку Кеӊештин төрагасы Талант Мамытов Акбаровду жалпы депутаттардын атынан эл өкүлү болушу менен куттуктап, анын мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, жаӊы депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД