Бүгүн Бишкекте канча автобус жана троллейбус иштеп жатат?

Бүгүн Бишкекте 110 автобус жана 141 троллейбус иштеп жатат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Билдирүүдө жазылгандай, маршруттук таксинин айдоочулары каттамга чыкпай койгондуктан, учурда калаада муниципалитеттин унаалары гана шаар тургундарын ташууда.

Ошондой эле шаардык мэрия такси кызматын тарифтерди көтөрбөөгө чакырат.

Белгилей өтсөк, 2-июнда борбор калаада маршруттук таксилер жол акысын көтөрүү максатында каттамга чыккан эмес. Бүгүн дагы борбор калаадагы маршруттук таксилер каттамга чыгышкан жок.

Эл ташыган кичи автобустун айдоочулары буга чейин дагы иш ташташкан. Мунун себебин алар акыркы жылдагы кымбатчылык менен байланыштырышып, күйүүчү майдан тартып азык-түлүккө чейин баалар кымбат болгондуктан тапкан каражаттары жетишпей жаткандыгы менен түшүндүрүп келишет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД