Карамушкина: "УКМК коррупционерлер төккөн акчанын эсебин ачык көрсөтсүн"

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина УКМК тарабынан өндүрүлүп жаткан каражаттын эсеп-кысабын ачык көрсөтүүнү талап кылды.

Ал жарандарды жана анын арасында эл өкүлүнүн өзүн да соттун чечими же башка жолдор менен алынган акча кайда кетип жатканыкызыктырып жатканын белгилейт.

"УКМК киреше булагын декларациялабаган адамдар менен бюджетти толтуруу саясатын жүргүзүүдө. Акча казыналык аркылуу өтүп бюджетке түшүп жатабы деген суроо жаралат. Ачык көрсөтүлбөгөндүктөн ишенбөөчүлүк пайда болду. Андыктан өкмөттүн же УКМКнын сайтына кимден канча түшкөнүн жана эмнеге жумшалганын жарыялашын сурайм", - деди Карамушкина.

Депутат ачык-айкындуулук болгондон кийин гана бийликке ишеним болорун кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД