Бокс боюнча Кыргызстандын курамасы "STRANJA" эл аралык турнирине катышат

Бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 19-28-февраль аралыгында София (Болгария) шаарында өтө турган "STRANJA" эл аралык турнирине катышат.

Бул салттуу бокс боюнча 73-эл аралык турнир. Ага дүйнөнүн 36 өлкөсүнөн 450гө жакын күчтүү мушкерлер катышат. Мындай маалымат тууралуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдирди.

Кыргызстандын командасынын курамы:

Мирлан Түркбай уулу, MCMK, 48 кг;

Дүйшебаев Нуржигит, 52 кг;

Жеңишбек Белашаров, 57 кг;

Акылбек Эсенбек уулу, МС, 60 кг;

Жантөрө Ташиев, МС, 63,5 кг;

Сыргак Абдыжапар уулу, МС, 71 кг;

Өмүрбек Маманов, 75 кг;

Эркин Адылбек уулу, МС, 86 кг;

Бекзат Абдуршидов, судья;

Данияр Төлөгөн уулу, башкы машыктыруучу.

Белгилей кетсек, "STRANDJA" Кубогу IBA Diamond лигасынын бокс боюнча алтын сериясындагы биринчи турнир катары тарыхта калат. Европадагы эң престиждүү турнир континенттеги жалгыз жана жаңы форматтагы 3 дүйнөлүк алтын турниринин бири болот. "STRANDJA" Болгария үчүн биринчи турнир болот, ага эркектердин 13 жана аялдардын 12 салмак категориясындагы мушкерлер катышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД