Туура тамактануунун эң сонун эрежелери, сактап алыңыздар!

Ат-Башы районунун санитардык дарыгери Аида Абдыраева туура тамактануунун негизги эрежелери тууралуу айтып берди. Аны менен  аймактык кабарчы маектешкен.

 Туура тамактануунун негизги эрежелери:

1. 1 күндө 5-6 маал тамактануу;

2. Тамактын пайдалуу экенине көңүл буруу. Белоктуу, клетчаткалуу жана пайдалуу майы бар азыктарды тандоо. Тамак-ашка өсүмдүк майын колдонуу. Малдын майын көп колдонсо, зат алмашуу, тамак сиңирүү процесси бузулуп, адамдын салмагы көбөйөт;

3. Адам күнүнө 600 граммдан кем эмес жер-жемиш жеп, организмди керектүү витаминдер менен толуктап туруш керек;

4. Мүмкүн болушунча кумшекерди, тузду аз пайдалануу зарыл. Кумшекердин ордуна таттуу жер-жемиштерди, жаңгак, мөмө-жемиштин кагын же таза бал менен алмаштырса болот.

5. Адам баласынын организминин 75-80 пайызы суудан турат. Андыктан салмакка жараша суу ичүү керек. Күн сайын 1,5-2 литр суу ичүү зарыл. Себеби организмден күнүгө 2 литр суу ар кандай жолдор менен сыртка чыгып турат. Аны толуктап турбаса, суу жетишпегендиктен адам тез чарчап, кан айлануу процесси бузулат. Сууну бир эле жутуп албай, аз-аздан ичүү сунушталат;

6. Жарым фабрикаттарды, кетчуп, газдалган суусундук жана тез даярдалган (фастфуд) тамактардан баш тартуу керек;

7. Майлуу, куурулган, ышталган, таттуу жана туздуу тамакты азыраак пайдалануу;

8. Ундан жасалган тамак-ашты азыраак жеш керек;

9. Майсыз сүт азыктарын пайдалануу;

10. Күнүмдүк тамак-ашка жашылча-жемиштерди көбүрөөк кошуу;

11. Байытылган унду, йоддолгон тузду гана пайдалануу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД