Кыргызстандык дзюдочулар Израилдеги эл аралык турнирге катышууда

Кыргызстандык дзюдочулар Израилдеги TEL AVIV GRAND PRIX ISRAEL эл аралык турнирге катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеш 17-19-февралда Тель-Авив шаарында өтүүдө.

Ошондой эле Кыргызстандын курамасы 20-23-февралда аталган шаарда окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.

Курама команданын мүчөлөрү:

1. Кубанычбек Айбек уулу, 60 кг;

2. Асад Масабиров, 81 кг;

3. Адилет Ганиев, 81 кг;

4. Эрлан Шеров, 90 кг.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД