Бишкектеги кичи автобустун айдоочулары кайрылуу жасашты

Бүгүн, 3-июнда Бишкек шаарынын Көк-Жар конушундагы №138 кичи автобустун аялдамасында борбор калаадагы кичи автобустун айдоочулары чогулуп, шаар тургундарына кайрылуу жасашты.

№106 кичи автобустун айдоочусунун айтымында, алардын негизги талабы жол кирени 10 сомдон 15 сомго жогорулатып, жыл сайын 1 сомго көбөйтүп туруу болуп саналат.

"Жол кире 12 жылдан бери көтөрүлгөн эмес. Күйүүчү май, унаа тетиктери кымбаттады. Айдоочулардын 80 пайызынын унаасын оңдоо үчүн алган насыясы бар.

Биздин жакшы нерселерибиз эч качан элге жетпейт экен. Пандемияга чейин жыл сайын 60 млн сом салык төлөсөк, азыр 20 млн сом төлөп жатабыз деп коёлу, ошол акчалар кайда кетип жатат? Шаардын керегине кетүүдө.

Андан тышкары эл-журт автобус деп жатат. Биз автобусга деле каршы эмеспиз, бирок алардан пайда түшпөйт да. Биздин салыктар, бизден түшкөн акчанын баары жоголот.

Биз бардык нерсени өзүбүз жасап жатабыз. Мэриядан бир тыйын акча сураган жокпуз.

Күн сайын ар бир унаа 30-40 литр күйүүчү май жакканда, канча деген солярка керектелип жатат. Андан тышкары түнкүсүн иштегендер бар. Биз деле элди карап жатабыз. Эми эл бизди карашы керек. Биздин дагы көйгөйлөрүбүздү түшүнүшү керек. Ушул көйгөйдү жеткире албай жатабыз. Чоңдорго жетип жатат, бирок ары кетпей жатат.

6 айдан бери күтүп келе жатабыз, айла жок болуп калды. 500 сом турган тетик 2000 сом болду. Ижарага батир алып жашагандар бар. Аларга дагы кыйын. Биздин деле балдар ошол эле акчаны төлөп түшөт. Айдоочунун баласы деп эч ким бекер алып кетпейт.

Азыркы бийлик, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары баа маселесин чечип берсе жакшы болмок", - деди айдоочу.

Ал Баткен облусуна жардам беришкенин, кайрымдуулук кылып турушарын кошумчалады. Бирок алардын жакшы иштери элге жетпей, жаман жактарын көрсөтүп, туура эмес маалымат берип жатышканын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД