Той-аштын чыгымын азайткан мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт

28-февралда "Кыргызстанда үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланат.

Ал үчүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети парламенттик угуу өткөрөт. Ага мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Той-топурларды, мааракелерди тартипке келтирүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Улукбек Ормонов демилгелеген. Документ 2021-жылы жазылып, биринчи окуудан өткөн.

Мыйзам аш-тойлордогу ашыкча чыгымды болтурбоо, шаан-шөкөттү азайтуу, ошондой эле каржыны сарамжал пайдаланууга багытталган элдик демилгелерди колдоо максатында жазылган.

Ага ылайык, той, маараке, үй-бүлөлүк салтанаттарга чакырылган коноктор 100дөн ашпашы керек. Үлпөт тойлорго 200гө чейинки конок катышып, банкет менен бир күндүн ичинде өткөрүлөт. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо салтанатына 3төн ашык машина менен барууга тыюу салынат.

Маркумду акыркы сапарга узатууда адам санына чек коюлбайт. Бирок бодо мал союуга тыюу салынат. Жетилиги, кыркылыгы, ашы сыяктуу жөрөлгөлөргө 100дөн ашык адамды чакырууга болбойт, анда да бодо мал союлбайт.

Зыяратчыларды узатуу жана тосуп алуу үй-бүлө, жакындары менен гана өткөрүлөт. Конок чакырып, жалпы иш-чараларды уюштурууга катуу тыюу салынат.

Үлпөт той, маараке-салтанаттарды, сөөк коюу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүү эс алуу күндөрү саат 8:00дөн 23:00гө чейин, ал эми иш күндөрү саат 18:00дөн 22:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жогорудагы эрежелерди бузгандар 8 категориядагы айыпка жыгылышат. Эң жогорку айып жеке тараптарга 17,5 миң сом, юридикалык жактарга 55 миң сом деп айтылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД