Башкы прокуратура MegaCom компаниясынын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында айрым адамдар тарабынан жогорку сапаттагы заманбап жабдууларды колдонуу менен алкоголдук продукцияларга акциздик маркаларды көп санда мыйзамсыз даярдоо уюштурулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, ИИМ кызматкерлери К.Ж.Э. аттуу жарандын жашаган жана иштеген жери боюнча тинтүү жүргүзүп, анын жүрүшүндө 469 даана маркалоо коддору (QR коддору), 8 миң сапаты күмөн жараткан алкоголдук продукциялардын акциздик маркалары, ошондой эле аларды бузууга жана өзгөртүүгө арналган буюмдар жана каражаттар алынган.

"Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан К.Ж.Э. аттуу жаранга жана башка адамдарга, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдарына, "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун алкоголдук жана тамеки продукцияларын маркалоонун улуттук операторунун жооптуу адамдарына жана айрым алкоголдук продукцияларды өндүрүүчүлөргө карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыш иши козголгон", - деп билдиришти прокуратурадан.

Учурда K.Ж.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД