Бишкек шаардык мэриясы бүтүрүүчүлөргө Жалпы республикалык тестирлөөгө онлайн катталуу башталганын кабарлайт. Мэриянын билим берүү башкармалыгынан белгилешкендей, онлайн каттоо 14-февралдан 7-апрелге чейин созулат.
"Бүтүрүүчүлөр www.testing.kg сайтына кирип, каттоого тура алышат. Шаардык мэриянын билим берүү башкармалыгы тарабынан жооптуу адистер дайындалып, тестирлөөнү каттоо үчүн керектүү байланыш каражаттары бөлүнгөн", - дешет мекемеден.
Быйыл республикада Жалпы республикалык тестирлөө 23-майда өтөт.