Орусиянын улуттук оюндар фестивалында көк бөрү да ойнолот

Орусия жана Евразия өлкөлөрү аралык "Русский мир" улуттук спорт түрлөрү боюнча фестивалына кыргыздын көк бөрү оюну да киргизилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Орусия күнүнө жана атактуу кол башчы Александр Невскийдин 800 жылдыгынын урматына уюштурулуп жаткан эл аралык фестиваль Сергиев Посад шаарынын Благовещенск талаасында өтөт.

Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Кубатбек Аскарбеков Кыргызстандын атынан мелдешке катыша турган оюнчуларды аныктоо иштери жүрүп жатканын, көк бөрү мелдеши 13-июнда өтөрүн кабарлады. Ошондой эле ал акыркы жылдары чет жерде көк бөрүгө кызыккандардын саны арбып баратканын, мелдеш улуттук оюнду жайылтуу үчүн өткөрүлөрүн белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД