Министрликте иштейм деп тургундун 19 миң долларын алдап алган адам кармалды

Министрликте иштейм деп тургундун 19 миң долларын алдап алган адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургуну аны Билим берүү министрлигинде иштейм деген чала таанышы 19 миң долларын алдап алып кеткенин айтып арыз менен кайрылган. Ал адам даттануучунун уулун АКШнын жогорку окуу жайларынын бирине киргизип берүүгө убада кылып, изин сууткан.

Бул иш боюнча иликтөө жүрүп, шектүү катары 28 жаштагы К.А. аттуу адам кармалып камакка алынган.

Кийин сот анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Милиция бул адамдан жабыркагандар болсо төмөнкү номерлерге кабарлап коюусун өтүнөт.

102;

0(312) 352-947;

0 (312) 654-494;

0 (707) 775-557;

0 (703) 686-883;

0 (708) 834-925.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД